Башкы беткеКоом"Манас" аэропортуна өлкөдөгү эң ири LED-экран орнотулууда

“Манас” аэропортуна өлкөдөгү эң ири LED-экран орнотулууда

Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортунда узундугу 115 метрди түзгөн LED-экран орнотулууда. Бул Кыргызстандагы эң ири санариптик экран болорун “Кыргызстандын аэропорттору” ААК билдирди.

Жаңы экран аркылуу каттамдар тууралуу маалыматтар, социалдык роликтер, жарнамалык материалдар жана жүргүнчүлөр үчүн башка маанилүү билдирүүлөр көрсөтүлөт.

Компаниянын маалыматына ылайык, долбоор башкы аэропорттун санариптик инфраструктурасын чыңдап, жүргүнчүлөрдү маалымат менен камсыздоо сапатын жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар