Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Виктория Мозгачева Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары кызматын аркалай баштады. Бул тууралуу ал “Кыргыз Туусу” маалымат басма үйүнө өзү билдирди.
Анын айтымында, жаңы кызматында мектепке чейинки жана кесиптик-техникалык билим берүү тармактарын жетектейт.
“Дүйшөмбүдөн тарта агартуу министринин орун басарынын милдетин аткарып жатам. Негизги иш багытым мектепке чейинки билим берүү болот”, — деди Мозгачева.
Белгилей кетсек, Виктория Мозгачева 2020-жылдын июль айынан 2026-жылдын июнь айына чейин Бишкек шаарынын вице-мэри болуп эмгектенген. Бул аралыкта ал социалдык тармакты, билим берүү тармагын жана муниципалитеттин бир катар багыттарын көзөмөлдөп келген.



