Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова жетектеген кыргыз делегациясы Япониянын Токио шаарында дүйнөдөгү ири өнөр жай тигүү жабдууларын өндүрүүчүлөрдүн бири болгон JUKI корпорациясынын президенти Ацуши Нарикава менен жолугушту.
Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстандагы тигүү тармагын модернизациялоо жана кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Кыргыз тарап JUKI корпорациясына өлкөдө түздөн-түз өкүлчүлүгүн кеңейтүүнү жана өнөр жай тигүү жабдууларын тейлөө үчүн техникалык инфраструктура түзүүнү сунуштады.
Белгиленгендей, жергиликтүү текстиль ишканаларынын үзгүлтүксүз иштеши үчүн сапаттуу техникалык колдоо жана запастык бөлүктөргө ыкчам жеткиликтүүлүк маанилүү.
Сапардын алкагында делегация Тотиги префектурасындагы JUKI заводдорунда болуп, автоматташтырылган өндүрүш линиялары жана сапатты көзөмөлдөө системалары менен таанышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында JUKI корпорациясы Кыргызстан менен кызматташуунун келечектүү багыттарын биргелешип иштеп чыгууга даяр экенин билдирди.
Белгилей кетсек, сапар Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) колдоосу менен уюштурулган.



