Башкы беткеКоомБишкекте "Олд Бишкек" соода комплекси убактылуу жабылат

Бишкекте “Олд Бишкек” соода комплекси убактылуу жабылат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев “Олд Бишкек” соода комплексинин аймагындагы соода жайларын мөөр басып жабууну тапшырды. Чечим объект расмий түрдө пайдаланууга берилбей туруп иштеп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынган.

Мэриянын маалыматына ылайык, жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк техникалык режимде ачылганы менен, объектти эксплуатацияга берүү боюнча расмий уруксат азырынча алынган эмес. Ошого карабастан, комплекстеги коммерциялык жайлар ишин улантып келген.

Айбек Джунушалиев инвестор өзүнө алган милдеттенмелерин толук аткармайынча жана объект мыйзам талаптарына ылайык пайдаланууга берилмейинче соода түйүндөрүнүн иши токтотулушу керектигин белгиледи.

Буга чейин Свердлов райондук администрациясы тарабынан ижарачыларга аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча 122ге жакын билдирүү жөнөтүлгөн.

Мөөр басып жабуу соода жайларына гана тиешелүү болот. Жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк шаар тургундары жана коноктору үчүн ачык бойдон калат.

Мындан тышкары, мэр Чүй проспекти менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги демонтаж, аймакты көрктөндүрүү жана фонтанды реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн текшерип, жооптуу кызматтарга иштерди тездетүүнү тапшырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар