Башкы беткеКоомЫсык-Көлдө чет өлкөлүк жумушчуларга миграциялык жана экологиялык талаптар түшүндүрүлдү

Ысык-Көлдө чет өлкөлүк жумушчуларга миграциялык жана экологиялык талаптар түшүндүрүлдү

Ысык-Көлдө чет өлкөлүк жумушчулар арасында миграциялык жана экологиялык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, Туристтик-экологиялык милиция негизги жумушчу күчү тартылган Ак-Суу районундагы ири курулуш объектилеринде рейд жүргүздү.

Анда чет өлкөлүк жарандарга мыйзамдуу каттоодон өтүү, визалык режимди жана өлкөдө жүрүү эрежелерин так сактоо талабы эскертилди.

Ошондой эле Ысык-Көл өзгөчө корголуучу биосфералык аймак болгондуктан, курулуш жүргүзгөн ишканаларга тиричилик калдыктарын туура утилизациялоо жана жаратылышка зыян келтирбөө милдеттендирилди.

Мындан тышкары, милиция аймактагы ири курулуш объекттерин ишке ашырып жаткан компаниялардын жетекчилерин өз кызматкерлеринин укуктук жана экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга, түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп турууга чакырууда.

Мындай профилактикалык иш-чаралар облус аймагында коомдук коопсуздукту чыңдоого, миграциялык мыйзамдардын сакталышын камсыз кылууга жана Ысык-Көлдүн кайталангыс жаратылышын келечек муундар үчүн сактап калууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар