Россиянын Краснодар крайына болгон жумушчу сапардын алкагында Кыргызстандын Дыйканчылык илимий-изилдөө институту менен Россиянын “АПК КубаньХлеб” ЖЧКсынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, документ Чүй облусунда жогорку сапаттагы үрөн өндүрүү, селекцияны өнүктүрүү жана заманбап агротехнологияларды жайылтуу үчүн биргелешкен селекциялык-үрөнчүлүк чарбасын түзүүнү карайт.
Сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы ишкананын өндүрүшү, тажрыйба талаалары жана заманбап үрөн даярдоочу заводу менен таанышты.
Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов үрөнчүлүктү өнүктүрүү өлкөнүн агрардык саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстанда россиялык селекциядагы күздүк буудайдын алгачкы гибриддештирүү питомниги түзүлүп, беденин үрөнү биринчи жолу Россияга экспорттолгон.
Министрлик белгилегендей, меморандум биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырууга, жаңы сортторду сыноого, технологияларды алмашууга жана адистердин квалификациясын жогорулатууга өбөлгө түзүп, ата мекендик үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого көмөк көрсөтөт.



