Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев суу чарбасын өнүктүрүү жана сугат инфраструктурасын модернизациялоо боюнча долбоорлордун ишке ашырылышын талкуулаган жыйын өткөрдү.
Жыйында суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, ирригациялык тармакты жаңылоо жана калкты сапаттуу суу менен камсыздоо багытындагы иштер каралды.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Кыргызстанда суу чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлор ишке ашырылууда. Анын алкагында “Кыргызсуу долбоору” мамлекеттик мекемеси тарабынан суу объекттерин долбоорлоо, куруу жана жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.
Белгиленгендей, 2030-жылга чейин өлкөдө 106 жаңы суу сактагыч курулуп, суу чарба инфраструктурасы жаңыланат. Бул дыйкандарды сугат суу менен камсыздоону жакшыртып, айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө шарт түзөт.
Ошондой эле суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу айыл чарба тармагындагы өндүрүмдүүлүктү жогорулатып, аймактардын экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө болору белгиленди.



