Башкы беткеСаясатКамчыбек Ташиев 2027-жылдагы президенттик шайлоого катышуудан баш тартып, Жапаровго колдоо көрсөтөөрүн ырастады

Камчыбек Ташиев 2027-жылдагы президенттик шайлоого катышуудан баш тартып, Жапаровго колдоо көрсөтөөрүн ырастады

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев алдыдагы президенттик шайлоого катышуусу боюнча талкууларга чекит койду.  «Регион» телеканалынын мурдагы жетекчиси Өткүрбек Рахманов жарыялаган саясатчынын кайрылуусунда ал 2027-жылдагы шайлоого талапкер катары катышпай турганын

“Мен 2027-жылдагы президенттик шайлоого катышпайм. Бул тууралуу буга чейин да бир нече жолу так айткам. Бүгүн дагы ошол Генералдык сөзүмдөн кайтпайм! Менин позициям өзгөргөн жок жана өзгөрбөйт!”, – деп айтылат кайрылууда.

Президенттик шайлоого катышуудан баш тартуу менен катар Ташиев азыркы президент Садыр Жапаровдун командасында кала турганын да белгиледи. Ошондой эле ал өзүнүн атын пайдаланып ар кандай ушак-айыңдарды тараткандар өлкөдөгү ынтымакты бузууга кызыкдар экенин айтып, коомчулукту мындай маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.

Камчыбек Ташиевдин саясий өмүр баянындагы жаңы этап 2026-жылдын февраль айындагы “75тин каты” деп аталган окуялардан кийин башталган. Саясатчылар, окумуштуулар жана коомдук ишмерлерден турган топ ачык кайрылуу жасап, өлкө жетекчилигин мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Кийинчерээк бул талашка Конституциялык сот чекит коюп, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу талаптардын укуктук негиздерине байланыштуу акыркы чечимин чыгарган.

2026-жылдын февраль айында президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди УКМКнын төрагасы кызматынан бошоткон. Андан көп өтпөй “75 адамдын каты” боюнча иштин алкагында кайрылууга кол койгон саясатчылар суракка чакырылып, негизги фигуранттарга, анын ичинде Ташиевге карата бийликти күч менен басып алууга даярданган деген айып менен кылмыш иши козголгон.

Соттук териштирүү 2026-жылдын июль айынын башында Бишкектин Биринчи май райондук сотунда аяктаган. Сот иш боюнча айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, аларды төрт жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Ошол эле учурда “75 адамдын каты” боюнча иштин башка катышуучуларына колдонулгандай эле, сот Ташиевге карата да үч жылдык пробациялык көзөмөл чарасын колдонгон.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар