Бишкекте санитардык-эпидемиологиялык талаптарды одоно бузган 9 коомдук тамактануучу жайдын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү Бейшеналиева көчөсүнүн Чүй проспектисинен Пушкин көчөсүнө чейинки тилкесинде ведомстволор аралык комиссия тарабынан жүргүзүлгөн.
Анын жыйынтыгында буга чейин берилген эскертүүлөргө карабастан санитардык талаптарды сактабаган объекттердин ишмердүүлүгү 15-июлдан тарта убактылуу токтотулган.
Муниципалитеттен белгилешкендей, мындай рейддер шаар тургундарынын ден соолугун коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо максатында мындан ары да улантылат.



