Кыргызстанда өтүп жаткан ШКУ өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалынын алкагындагы тегерек столдо кинематографисттерди колдоо үчүн бирдиктүү фонд түзүү сунушталды.
Иш-чаранын катышуучуларынын айтымында, мындай фонд Европадагы эл аралык кино долбоорлорун каржылаган Eurimages уюмуна окшош иш алып барып, биргелешкен тасмаларды тартууга, автордук жана документалдык кинолорду колдоого, ошондой эле өлкөлөр аралык копродукцияны өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзмөк.
Продюсерлердин пикиринде, жалпы каржылык механизмдин болушу ШКУ өлкөлөрүнүн кино тармагындагы кызматташтыгын идеядан туруктуу системага айлантат.
Ошол эле учурда катышуучулар кинону өнүктүрүү бир гана каржы маселеси менен чектелбей турганын белгилешти. Алар үчүн тажрыйба алмашуу, кесиптик байланыштарды чыңдоо жана билим берүү программаларын өнүктүрүү да маанилүү экенин айтышты.
Тегерек столдо өзгөчө автордук кинону мамлекеттик колдоо зарылдыгы белгиленип, мындай тасмалар өлкөнүн маданий жүзүн эл аралык деңгээлде таанытууда маанилүү роль ойной турганы айтылды.


