Башкы беткеЭкономикаКыргызстан: курулуш тармагындагы жаңы ыргак

Кыргызстан: курулуш тармагындагы жаңы ыргак

Акыркы беш жылдыктын жыйынтыгы көрсөткөндөй, курулуш сектору Кыргызстандын экономикалык өсүшүн жана социалдык өнүгүүсүн шарттаган башкы тармакка айланды. Борбордук Азиядагы  ар бир өлкө өзүнүн ички керектөөлөрүнө жараша өзгөчө курулуш саясатын жүргүзүп, стратегиялык объекттерге басым жасашты. Аймактын кубаттуу коңшулары амбициялуу ири курулуштук стратегияларды тандап жаткан чакта, Кыргызстан турак жай секторундагы рекорддук көрсөткүчтөрдү багындырып, мектеп, бала бакча жана темир жол курулушу сыяктуу багыттарда олуттуу ийгиликтерге жетишти.

Кыргызстан үчүн бул беш жылдык курулуш секторунда жаңы ыргак, сапаттык секирик жана масштабдуу өзгөрүүлөрдү камтыган мезгил катары эсте калды. өлкөдө калктын санынын туруктуу өсүшү, ички миграциянын шаарларды көздөй агышы жана калктын заманбап шарттарга болгон талабы жаңы курулуштардын негизги кыймылдаткыч күчүнө айланды. өзгөчө Бишкек шаары, Чүй облусу, Ош жана Жалал-Абад аймактарында турак жай курулушуна басым жасалды. Шаарларда жаңы көп кабаттуу заманбап турак жай комплекстери, маданий-социалдык объектилер жана инженердик инфраструктуралар байма-бай курулуп, шаардык чөйрөнүн архитектуралык көрүнүшү таанылгыс болуп өзгөрүүдө.

Акыркы маалыматтар көрсөткөндөй, турак жай курулушунда Бишкек шаары өзгөчө рекорддук көрсөткүчкө жетти. Расмий маалыматтар боюнча, борбор калаада 617 миң  чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди. Ал эми Жалал-Абад облусунда бул көрсөткүч 311,8 миң чарчы метр , Ош облусунда болсо 206,4 миң чарчы метрди  түздү. Бул үч ири аймакты гана кошкондо жалпы 1 миллион 135 миң 200 чарчы метр даяр турак жай аянтын түздү. Мындай көрсөткүч Кыргызстанда курулуш индустриясы негизинен калк жыш жайгашкан жана экономикалык активдүүлүгү жогору болгон стратегиялык борборлордо топтолгонун айгинелейт. Бишкектеги курулуштун жогорку темпи бир жагынан элдин сатып алуу жөндөмүн жана турак жайга болгон чоң суроо-талапты көрсөтсө, экинчи жагынан шаардык коммуналдык тутумдарга жана жолдорго болгон жүктөмдү да арттырууда. Бул процессте акыркы жылдары мамлекеттик ипотекалык программалардын жаңыча форматта жанданышы курулуш тармагына эбегейсиз дем берди. Жарандарды жеткиликтүү үй менен камсыз кылуу максатындагы улуттук долбоорлор жеке курулуш компанияларынын активдүүлүгүн арттырып, жаңы кичи райондордун түптөлүшүнө ишенимдүү түрткү болду.

Бирок Кыргызстандын алдындагы негизги милдет турак жайдын санын көбөйтүү менен гана чектелбейт. Жаңы конуштар менен кошо мектептер, бала бакчалар, медициналык жайлар жана заманбап жолдор кошо өнүгүшү керек. Шаарлардын тез өсүшү социалдык инфраструктурага болгон талапты болуп көрбөгөндөй күчөткөндүктөн, акыркы беш жылда өлкөдө билим берүү инфраструктурасын жакшыртуу мамлекеттик саясаттын эң негизги артыкчылыктуу багыты болуп калды. Калктын жаш курамы жана окуучулардын санынын кескин көбөйүшү жаңы мектептерди тез арада куруу зарылдыгын жаратты. Бул багыттагы чоң секириктин натыйжасында өлкөдө бир эле жылдын ичинде 76 жаңы мектеп заманбап шарттары менен пайдаланууга берилип, ошондой эле 41 мектеп толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Бул республика боюнча 17 миңден ашык кошумча окуучу үчүн жаңы орун түзүлдү дегенди билдирет.

Мектепке чейинки билим берүү тармагында да олуттуу жылыштар орун алды: 41 жаңы бала бакча нөлдөн баштап курулса, имараттарды реконструкциялоо жана башка багыттар аркылуу жалпысынан 91 бала бакча эшигин ачты. Мындай көрсөткүчтөр өлкөдө социалдык теңчиликти сактоо аракети күчөгөнүн, өзгөчө айыл жерлеринде жаш муун үчүн шарттарды жакшыртууга көңүл бурулуп жатканын далилдейт. Муну менен катар, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү да жолго коюлду. Тоолуу өлкө үчүн жолдор экономикалык кан тамыр болуп саналгандыктан, Бишкек – Ош багыты, Түндүк – Түштүк альтернативдүү жолу жана аймактардагы ички жолдорду жаңылоо иштери улантылды. Бул ири долбоорлор өлкөнүн аймактарын жакындатууга, жүк ташууну жеңилдетүүгө жана энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө багытталган.

Бул улуттук деңгээлдеги жетишкендиктердин артында курулуш индустриясынын ички структуралык өзгөрүүлөрү жана курулуш материалдарын өндүрүү тармагындагы заманбап өнүгүүлөр турат. Акыркы беш жылда Кыргызстан чет өлкөлүк курулуш материалдарынан, өзгөчө цемент, кирпич жана арматура сыяктуу базалык продукциялардан болгон көз карандысыздыкты азайтуу багытында олуттуу кадамдарды жасады. ªлкө ичинде жаңы цемент заводдорунун курулушу, заманбап кирпич чыгаруучу ишканалардын ишке кириши жана ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн сапат стандарттарын жогорулатышы курулуш иштеринин өздүк наркын турукташтырууга шарт түздү. Бул өнүгүү ички рынокту гана камсыз кылбастан, курулуш секторун сырткы экономикалык таасирлерден жана логистикалык каатчылыктардан коргогон ишенимдүү куралга айланды.

Борбордук Азия мамлекеттери акыркы беш жылда, тактап айтканда, 2021–2025-жылдар аралыгында олуттуу өзгөрүүлөрдүн мезгилин башынан өткөрдү. Бул жылдар аралыгында аймактагы өлкөлөрдүн алдында пандемиядан кийинки экономиканы тез арада калыбына келтирүү, калктын динамикалуу өсүшүнө жараша турак жай маселесин чечүү, эскирген социалдык объектилерди жаңылоо менен заманбап инфраструктураны түзүү сыяктуу чоң милдеттер турду. Бул чоң өзгөрүүлөрдүн ичинен курулуш тармагы чөлкөмдүн экономикалык дараметин жана өнүгүү багытын көрсөткөн башкы күчкө айланды. Борбордук Азиядагы бул чоң “курулуш жарышында” ар бир мамлекет өзүнүн стратегиялык артыкчылыктарына жана ички муктаждыктарына жараша өзгөчө жолду тандап алды.

Борбордук Азиядагы курулуштун көлөмү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү боюнча Казакстан өзгөчө орунда турат. Бул өлкөнүн экономикасынын ири масштабы, шаарларынын тез өсүшү жана каржылык кубаты курулуш тармагын өнүктүрүүгө чоң шарт түздү. 2021–2025-жылдар аралыгында Казакстанда турак жай курулушу тарыхый жогорку көрсөткүчкө жетип, 20,1 миллион  чарчы метрден ашык турак жай пайдаланууга берилди. Анын ичинде көп кабаттуу үйлөрдүн көлөмү 13,5 миллион чарчы метрди, жеке үйлөр 6,4 миллион чарчы метрди түздү. Бул көрсөткүч Казакстандын аймактагы талашсыз лидерлигин көрсөтөт.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча эле өлкөдө аткарылган курулуш иштеринин көлөмү 10,847 триллион теңгеге жеткен. өлкөдө «Нурлы жер», «7–20–25» сыяктуу ири мамлекеттик программалар иштеп, турак жайдан тышкары өнөр жай объекттери, логистикалык борборлор жана ири социалдык курулуштар кеңири жүргүзүлдү. Бир эле жылда Казакстанда 250 жаңы мектеп (238 миңден ашык окуучуга ылайыкталган), 64 бала бакча, 5 ири оорукана жана 166 амбулаториялык медициналык мекеме ишке киргизилди.

Борбордук Азиядагы калкы эң көп өлкө болгон ªзбекстан да акыркы беш жылда курулуш тармагында болуп көрбөгөндөй жигердүүлүктү көрсөттү. өзбекстандагы негизги фактор демографиялык өсүш жана урбанизация процесси болду. Бул жердеги башкы өзгөчөлүк Ташкент, Самарканд, Бухара сыяктуу шаарларда жаңы турак жай конуштары менен бирге мектептер, бала бакчалар, медициналык борборлор жана соода объекттери бүтүндөй бир комплекс катары кошо пландалып, курулуп жатканында. Жеке инвестициялар менен атаандаштыктан улам турак жай рыногу кескин кеңейди. Аны менен бирге өзбекстан эл аралык транспорттук коридорлорду, заманбап логистикалык борборлорду жана айыл чарбасы үчүн эң маанилүү болгон суу чарба, ирригациялык тутумдарын жаңылоого чоң каражат жумшады.

Ал эми коңшу Тажикстанда курулуш процесстери негизинен стратегиялык энергетикага жана транспорттук байланыштарга багытталды.ªлкөнүн татаал тоолуу рельефи курулуш саясатына өзгөчө талаптарды койгондуктан, Тажикстан үчүн Рогун гидроэлектростанциясынын курулушу эң башкы улуттук долбоор болуп калды. Муну менен катар Душанбе шаарында курулуш активдешип, билим берүү тармагында 214 жаңы мектеп (50 миңден ашык окуучу орундуу) жана 8385 орунга эсептелген бала бакчалар пайдаланууга берилди. Тоолуу аймактарды жана чектеш өлкөлөрдү байланыштырган жаңы жолдор, көпүрөлөр менен тоннелдер Тажикстандын ички туруктуулугун камсыз кылууга багытталган.

Борбордук Азиядагы курулуштун өзгөчө моделине ээ өлкө Түркмөнстан болду. Бул мамлекетте акыркы беш жылда курулуш толугу менен мамлекеттик ири программалар жана монументалдуу шаар куруу долбоорлору аркылуу гана жүргүзүлдү. Ашхабад шаарынын кеңейиши жана заманбап акылдуу Аркадаг шаарынын курулушу мунун ачык далили. Мамлекеттик планга ылайык, мында жыл сайын жалпы аянты 500 миң чарчы метрге жакын турак жай, миңдеген орундуу заманбап мектептер жана бала бакчалар курулуп, пайдаланууга берилип келет. Аймактарда “Довлетли Мекан” жана “Багтлы Замана” сыяктуу жаңы үлгүдөгү конуштар түптөлүп, транспорт тармагында Каспий боюндагы ири автомобиль көпүрөлөрү жана Ашхабад – Түркмөнбашы автобаны сыяктуу стратегиялык долбоорлор ишке ашырылды.

2021–2025-жылдар Борбордук Азия үчүн толук кандуу инфраструктуралык жаңылануунун жана масштабдуу курулуш активдүүлүгүнүн доору болду. Беш мамлекет тең өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша өнүгүү жолдорун тандап алышты: Казакстан ири каржылык масштабга жана социалдык кубаттуулукка таянса, ªзбекстан калктын өсүшүнө ылайык комплекстүү шаар курууну тездетти, Тажикстан энергетикалык көз карандысыздыкка умтулса, Түркмөнстан мамлекеттик амбициялуу жаңы шаарларды түптөөгө артыкчылык берди. Ал эми Кыргызстан калкынын саны жана экономикасынын көлөмү боюнча коңшуларынан айырмаланганы менен, акыркы беш жылда ички ийкемдүүлүгүн көрсөтүп, турак жай менен катар билим берүү объектилерин жана жол инфраструктурасын тең салмактуу өнүктүргөн, социалдык багыттагы жигердүү курулуш моделин ийгиликтүү ишке ашыра алды.

Келечекке көз чаптырсак, 2026-жылдан кийинки узак мөөнөттүү өнүгүү стратегияларында Борбордук Азиянын курулуш индустриясында таптакыр жаңы масштабдуу милдеттер жана ири интеграциялык долбоорлор алдыңкы планга чыгары шексиз. Аймак өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан да, курулушту санариптештирүү (BIM-моделдөө) жана шаар курууну интеллектуалдык тутумдар менен интеграциялоо жолуна түштү. Бул заманбап кадамдар Борбордук Азиядагы курулуш доорунун жаңы баракчасын ачып, чөлкөмдү технологиялык жана экологиялык жактан өнүккөн бирдиктүү заманбап чөлкөмгө айлантууга жол ачат.

Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар