Башкы беткеКоомПикир эркиндиги жана эл аралык тажрыйба

Пикир эркиндиги жана эл аралык тажрыйба

Сиракуза принциптери

1948-жылы Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынгандан бери сөз эркиндиги менен мамлекеттик чектөөлөрдүн ортосундагы балансты табуу эл аралык укук тартибинин борбордук маселеси болуп келет. Демократиялык коомдун негизги кепилдиги болгон сөз эркиндиги абсолюттук мүнөзгө ээ эмес, бирок аны чектөөдө өзүм билемдикке жана негизсиз кысымдарга жол берилбеши керек. Эл аралык деңгээлде бул чекти аныктаган негизги курал Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт (ЖСУЭП) жана укуктарды чектөөнүн критерийлерин терең түшүндүргөн абройлуу документ Сиракуза принциптери (1984-ж.) болуп эсептелет.

Кыргызстан бул эл аралык пактты 1994-жылы ратификациялаган. Баш мыйзамдын 6-беренесине ылайык, эл аралык келишимдер улуттук укуктук тутумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Демек, биздин өлкө адам укуктарын чектөөдө эл аралык «үч баскычтуу тестти» (мыйзамдуулук, легитимдүүлүк жана зарылдык) кыйшаюусуз сактоого милдеттенме алган. Бүгүнкү күндө сот акыйкаттыгы жана соттук-эксперттик институттар заман талабына ылайык жаңылануу жолунда турат. Бул процессте эл аралык укуктук ченемдердин талаптарын улуттук кызыкчылыктар жана мыйзам улуктугу принциби менен айкалыштыруу негизги багыттардын бири.

Де-юре глобализм, де-факто нигилизм

Эл аралык укукта келишимдердин милдеттүү түрдө аткарылышы бузулгус эреже. Вена конвенциясынын 27-беренеси мамлекеттерге өзүнүн ички мыйзамдарына шылтоолоп, эл аралык милдеттенмелерден баш тартууга тыюу салат. Андан сырткары, ЖСУЭП эл аралык келишим катары кайра артка кайтарылгыс мүнөзгө ээ, башкача айтканда, андан баш тартууга жол берилбейт. Бул – өлкөдө саясий режим же бийлик кандай гана өзгөрбөсүн, сөз эркиндигин коргоо милдети туруктуу жана ыйык бойдон калат дегендик. Бирок Конституция убада кылган бийик укуктук стандарттар менен сот залындагы реалдуулуктун ортосунда терең ажырым бар.

Дүйнөлүк тажрыба көрсөткөндөй, укук коргоо органдары жана соттор чечим кабыл алууда эл аралык пакттарды эмес, өздөрүнө ыңгайлуу ички ченемдик актыларды гана карашат. Натыйжада: Сиракуза принциптеринде көрсөтүлгөн тең салмактуулук эрежеси бузулушу мүмкүн. Тактап айтканда, коомдук платформалардагы талкуулар же журналисттик иликтөөлөргө тиешелүү укуктук баа берилбестен, түздөн-түз улуттук коопсуздукка шек келтирүүчү фактор катары бааланып калуу тобокелдиги жогору бойдон калат. Ченемдик укуктук актыларда «улуттук коопсуздук» түшүнүгүнүн так укуктук чеги белгиленбесе, бул жагдай мыйзамды бир беткей эмес, укук колдонуучунун каалоосуна жараша колдонууга шарт түзөт. Бул жагдай улуттук мыйзамдарды жана сот өндүрүшүн Сиракуза принциптерине шайкеш келтирүү зарылдыгын ачыктайт. Болбосо, кабыл алынган эл аралык укуктук милдеттенмелер иш жүзүндө колдонулбаган кагаздагы гана ченем бойдон калып калышы мүмкүн.

Кылмыш-жаза кодексиндеги бүдөмүктүк: “lex certa” принцибинин унутулушу

 Юридикалык илимде lex certa (так жана түшүнүктүү мыйзам) принциби – мыйзамдуулуктун башкы критерийи. БУУнун Адам укуктары боюнча комитети бир нече жолу эскерткендей, өтө кеңири же бүдөмүк түшүнүктөрдү камтыган мыйзамдар жарандардын адилет соттук териштирүүгө болгон укугун бузуп, өзүм билемдикке жол ачат. Мыйзам ушунчалык так болушу керек, ар бир жаран өзүнүн кайсы аракети кылмыш жоопкерчилигине алып келерин даана билүүгө тийиш. Бирок көп өлкөлөрдүн Кылмыш-жаза кодекстериндеги «массалык башаламандыктарга чакыруу» же «расалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу» сыяктуу ченемдер укуктук аныктуулук принцибине дайыма эле шайкеш келе бербейт. Бул беренелердеги «чакырык», «кастык» же «баш аламандыкка өбөлгө түзүү» деген терминдердин чеги укуктук жактан так аныкталган эмес. Атүгүл жөнөкөй эле «жана» же «же» деген логикалык байланыштыргычтарды колдонуудагы юридикалык-техникалык каталар зор кесепеттерди жаратышы мүмкүн. Эл аралык практика талап кылгандай, адам укуктарын чектөөдө топтомдук укуктук критерийлер (кумулятивдик ыкма) колдонулушу шарт.

Сот практикасы жана эл аралык далилдөө стандарттары

 Сиракуза принциптери жана БУУнун Комитетинин №34 Жалпы түшүндүрмөсү сотторго чексиз өзүм билемдик (дискрециялык) укуктарды бербөөнү талап кылат. Демократиялык укуктук тутумдарда адамдын күнөөсүн далилдөө үчүн «акылга сыярлык эч кандай күмөн саноодон тышкары» стандарты иштейт. Бул стандарт боюнча, эгерде адамдын сөзүндө же ниетинде кичинекей гана күмөн туудурган жагдай болсо, ал айыпталуучунун пайдасына чечилиши керек. Кагазда далилдерди ар тараптуу баалоо деп жазылганы менен, иш жүзүндө соттор айыптоо тарапка ыктап, өкүмдөрдү тергөөчүнүн корутундусунан өзгөртүүсүз көчүрүп жазышат. Эгер жаран өзүнүн коомдук тармактагы сын-пикири кылмыш болуп саналарын алдын ала болжолдой албаса, анда мыйзамдуулук принцибине доо кетет. Соттор айыптоо багытынан баш тартып, эл аралык далилдөө стандарттарына өтмөйүнчө, жарандардын укуктарын толук коргоо мүмкүн эмес.

Лидерликке карай жол

Эл аралык стандарттарга ылайык, мамлекет адам укуктары менен эркиндиктерин чектөөдө абстракттуу же божомолдуу коркунучтарга таяна албайт. БУУнун Адам укуктары боюнча комитети өзгөчө белгилеп келгендей, коомдук коопсуздукка багытталган коркунучтун деңгээли конкреттүү жана далилдер менен толук ырасталышы керек. БУУнун Рабат аракеттер планында (2012-ж.) так көрсөтүлгөн алты баскычтуу босого тести билдирүүнүн контекстин, аны жасаган спикердин статусун, анын чыныгы ниетин, мазмунун, маалыматтын таралуу масштабын жана коомго зыян келтирүүнүн реалдуу ыктымалдуулугун комплекстүү баалоону талап кылат. Кыргызстандагы укук колдонуу практикасында бул жагдайлар зарыл деңгээлде эске алынбай, абстракттуу тобокелдиктердин негизинде чектөөлөр киргизилип жаткандыгы байкалат. Бул болсо Сиракуза принциптеринде бекитилген пропорционалдуулук талаптарына толук шайкеш келбейт.

Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндө Рабат аракеттер планын жана Сиракуза принциптерин өзүнүн улуттук укуктук тутумуна ийгиликтүү сиңире алган реформатор жана лидер мамлекетке айланууга толук кудуреттүү. Мындай укуктук кадам өлкөнүн ички коомдук туруктуулугун бекемдөөгө зор салым кошуп, негизсиз цензуралык тобокелдиктерди жоюуга көмөктөшөт. Мындай кадамдар Кыргызстандын эл аралык беделин бекемдеп, өлкөбүздүн адам укуктарын коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча глобалдык убадаларына бекем тургандыгын дүйнө коомчулугуна айкын көрсөтөт.

Вера БЕДЕЛБЕК,  «Кыргыз Туусу»

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар