Бишкекте Кыргыз-кытай өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын 17-жыйыны өттү.
Жыйынга Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков жана Кытайдын Коммерция министринин орун басары Лин Цзи баштаган делегациялар катышты.
Эрлист Акунбеков жолугушуу ШКУ саммитинин жана Кытай жетекчилигинин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алдында өтүп жатканын белгилеп, эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү үчүн маанилүү экенин айтты.
Ал Кыргызстан менен Кытайдын биргелешкен ири долбоорлорунун арасында “Кыргызстан–Кытай–Өзбекстан” темир жолу, “Бедел” өткөрмө пункту жана “Барскоон–Бедел–Учтурфан–Аксуу”автожолу сыяктуу долбоорлорду белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө соода, транспорттук-логистикалык байланыштар, энергетика, өнөр жай, айыл чарба жана каржы тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында тараптар тиешелүү протоколго кол коюшту.


