Ош шаарында 815 батирге эсептелген жаңы көп кабаттуу турак жай комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы турак жай Кочконов көчөсү, 135 дарегинде курулат. Долбоордун башталышына байланыштуу пайдубалга капсула салуу аземи өтүп, ага шаар мэри Жанарбек Акайев, депутаттар жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жаңы комплекс алты кабаттуу 19 блоктон турат. Жалпы 815 батир куруу пландалууда. Анын ичинен 246сы — бир бөлмөлүү, 494ү — эки бөлмөлүү, 75и — үч бөлмөлүү батирлер болот.
Ошондой эле имараттардын биринчи кабаттарында соода жайлары жана бала бакча жайгашат. Долбоордун алкагында жашоочулар үчүн унаа токтотуучу жай да каралган.
Аталган турак жай комплексин куруу иштери Ош мэриясынын муниципалдык ипотекалык компаниясы тарабынан ишке ашырылууда.



