Башкы беткеСаясатКыргыз-казак парламенттик байланыштарын өнүктүрүү маселеси каралды

Кыргыз-казак парламенттик байланыштарын өнүктүрүү маселеси каралды

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу дипломаттын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн аяктап жатканына байланыштуу уюштурулду. Төрага элчинин эки өлкөнүн ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого кошкон салымын белгилеп, жүргүзгөн иши үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын парламенттер аралык кызматташтыгынын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Марлен Маматалиев кыргыз парламенти Казакстандын жаңы чакырылыштагы парламенти менен да тыгыз байланыштарды улантууга кызыкдар экенин белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, маданий-гуманитардык кызматташтык жана аймактар аралык алакаларды чыңдоо боюнча пикир алышты.

Өз кезегинде Рапил Жошыбаев Кыргызстанда иштеген мезгилинде көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мындан ары да өнүгөрүнө ишенимин билдирди.

Жолугушуунун соңунда Марлен Маматалиев элчиге мындан аркы дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар