Башкы беткеКоомЖалда 152 LED чырагы менен көчөлөр жарыктандырылды

Жалда 152 LED чырагы менен көчөлөр жарыктандырылды

Бишкек шаарына караштуу Жал айылында көчө жарыгын орнотуу иштери аяктады. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы тарабынан айланма жолдон Жал айылына чейинки 4 чакырымдан ашык унаа жолуна тышкы жарыктандыруу орнотулду. Бул тилке буга чейин жарыктандырылган эмес.

Долбоордун алкагында 96 жарыктандыруу мамысы орнотулуп, 152 заманбап LED чырагы коюлду. Ошондой эле 6 миң метрден ашык кабелдик линия тартылды.

Мындан тышкары, айылдын ички көчөлөрү да жарыктандырылды. Алардын катарында Орок көчөсүнөн Бакен-Ата көчөсүнө чейинки тилке, Нияз-Ата, Аланов Сатке жана Гагарин көчөлөрү бар.

Мэриянын маалыматына караганда, жаңы жарыктандыруу түнкү убакта жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртып, айыл тургундары үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар