Башкы беткеМаданиятКараколдо эл аралык адабият курултайы өттү

Караколдо эл аралык адабият курултайы өттү

18–19-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында “Адабият – уңгу жолунда” аталышындагы Эл аралык экинчи адабият курултайы өттү.

Иш-чараны коомдук ишмер, меценат Багыт Бапанов жетектеген “Кыргыз кайрыктары” адабий бирикмеси уюштурду. Буга чейин аталган курултайдын алгачкысы Бишкек шаарында өткөн.

Быйылкы адабий жыйынга өлкөнүн бардык аймактарынан жана чет мамлекеттерден келген 200дөн ашуун делегат катышты. Курултайдын ардактуу конокторунун арасында президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Акжол Доранбек уулу, белгилүү акын-жазуучулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болду.

Курултайдын ачылышында “Кыргыз кайрыктары” адабий бирикмесинин төрагасы Багыт Бапанов баяндама жасап, катышуучуларга кыргыз адабиятынын бүгүнкү абалы жана келечеги тууралуу сөз болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз эл акыны Маркабай Ааматов, филология илимдеринин кандидаты, доцент Чолпон Толубаева жана акын, котормочу Алтынбек Исмаилов чыгармачылык боюнча мастер-класстарды өткөрүштү.

Курултайдын жыйынтыгында адабий бирикменин алдыдагы жылдардагы иш багыттарын камтыган резолюция кабыл алынды.

Экинчи күнү катышуучулар Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы музей комплексине жана Н.М. Пржевальскийдин музейине барышты. Иш-чара салтанаттуу поэзия кечеси менен жыйынтыкталды.

“Кыргыз кайрыктары” адабий бирикмесинин төрагасы Багыт Бапанов курултай келерки жылы Манас шаарында улантыларын билдирди.

Эл аралык адабият курултайын өткөрүүгө Жогорку Кеңеш, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Улуттук жазуучулар союзу, Түрксой эл аралык уюму, Кыргызстан элдеринин ассамблеясы, Каракол шаардык мэриясы жана башка мекемелер колдоо көрсөтүштү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар