Башкы беткеДүйнөАКШ мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо үчүн мамлекеттик авиакомпания түзөт

АКШ мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо үчүн мамлекеттик авиакомпания түзөт

АКШнын Ички коопсуздук министрлиги мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо, чет өлкөлүк жарандардын өз ыктыяры менен мекенине кайтуусун уюштуруу, медициналык эвакуация жүргүзүү жана өзгөчө кырдаалдардагы тапшырмаларды аткаруу үчүн мамлекеттик авиагруппа түзүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Блумберг агенттигине шилтеме берүү менен Казинформ агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, учурда министрлик авиапаркты башкаруу, учактарды техникалык тейлөө, учуу экипаждарын жана медициналык кызматкерлерди камсыздоо, ошондой эле сутка бою үзгүлтүксүз иштөөнү уюштура турган аткаруучуну издеп жатат.

Талапка ылайык, авиагруппанын курамына жети Боинг 737-700 же ага окшош үлгүдөгү учак, ошондой эле алыскы аралыкка уча ала турган эки Галфстрим Жи-650-И-Ар же Си-37-Би үлгүсүндөгү бизнес-учак кириши керек.

Учурда АКШнын Иммиграция жана бажы кызматы негизинен жеке авиакомпаниялардын чартердик каттамдарын колдонуп келет. Жаңы түзүм өлкө ичинде жана анын чегинен тышкары каттамдарды үчүнчү тараптын кызматын тартпастан аткарууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Ички коопсуздук министрлигинин маалыматына ылайык, мамлекеттик авиапарк депортациялоо жол-жобосун тездетип, федералдык бюджеттен жыл сайын 279 миллион АКШ долларына чейин үнөмдөөгө шарт түзөт.

Ошондой эле АКШ бийлиги авиагруппаны бир негизги базага жайгаштыруу же ири коммерциялык авиакомпаниялар сыяктуу бир нече аэропорттон турган тармак түзүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Ички коопсуздук министрлигинин иммиграциялык кызматтарын каржылоого 70 миллиард АКШ долларын бөлгөн мыйзамга кол койгон.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар