Башкы беткеМаданият Караколдогу Н.М.Пржевальскийдин музейинде

 Караколдогу Н.М.Пржевальскийдин музейинде

        Орус саякатчысы, географ, зоолог, этнограф Н.М.Пржевальский Ыраакы Чыгыш жана Борбор Азияга баш аягы беш жолу саякат менен келген. Ал 218 жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн, анын ичинде Пржевальск жылкысын ачканы менен белгилүү.

Улуу саякатчынын сөөгү өзүнүн керээзи боюнча 1889-жылы Каракол шаарына, көл жээгине коюлган. Ушул эле жылы падыша Александр IIIнүн жарлыгы менен Каракол шаары Пржевальск аталып калат. Бирок, 1921-жылы Каракол шаарына өз аты берилгени менен 1939-жылы Каракол кайрадан Пржевальск аталып калган. Эгемендиктен кийин гана (1992) Каракол өзүнүн тарыхый атын алды.

Бүгүнкү күндө Николай Михайлович Пржевальскийдин сөөгү жаткан жерде анын совет мезгилинде уюштурулган уникалдуу музейи бар. Анда саякатчынын Борбор Азияга саякаты учурунда чогултулган экспонаттар коюлган. Айрыкча, биз атын угуп өзүн көрбөгөн куландын, азыр жок болуп кеткен антилопалардын түрлөрү, саякатчынын жеке буюмдары, анын ичинде, мылтыгы, дүрбүсү, жер ченеген аспаптары коюлган. Башкача айтканда бул музей Каракол шаарынын жашоочулары сыймыктанган, туристтер көп келген маданий жайларыбыздын бири.

Баарынан кызыктуусу Н.М. Пржевальскийдин төртүнчү саякатында Борбор Азия боюнча жол көрсөтүүчүсү болгон Жоломан Чыныбаевдин көлгө тартылган сүрөтү да музейдин тарыхын байытып турат.

 

Темирбек АЛЫМБЕКОВ,

“Кыргыз Туусу”

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар