Америкалык рэпер, продюсер жана дизайнер Канье Уэст Бишкекте концерт коюшу мүмкүн. Бул маалыматты “Кыргыз Туусу” маалымат- басма үйүнө өздүк булактар тастыктады .
Маалыматка ылайык, дүйнөгө белгилүү музыканттын концерти жаңы курулган “Бишкек Арена” стадионунун расмий ачылыш аземинен кийин өтөт. Азырынча иш-чаранын так күнү жана башка уюштуруу маалыматтары жарыялана элек.
Канье Уэст — хип-хоп дүйнөсүндөгү эң таасирдүү артисттердин бири. Ал 24 жолу “Грэмми” сыйлыгына ээ болгон. Музыканттын Stronger, Gold Digger, Heartless, Power, Runaway жана All of the Lights сыяктуу белгилүү чыгармалары бар.
Ошондой эле ал The College Dropout, Late Registration, Graduation жана My Beautiful Dark Twisted Fantasy аттуу альбомдору менен дүйнөлүк популярдуулукка жеткен.



