Жарандар эми никеге турууга арызды “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу бере алышат. Бул тууралуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси билдирди.
Жаңы кызматтын жардамы менен болочок жубайлар ЖИНди көрсөтүп, Face ID аркылуу өздүгүн ырастап, арызга электрондук кол тамга менен кол коюшат. Андан кийин арыз автоматтык түрдө ЖААК органдарына жөнөтүлөт.
Арыз берүү үчүн ЖААК бөлүмүнө баруунун кереги жок. Кароонун жыйынтыгы тууралуу билдирүү дагы тиркеме аркылуу жөнөтүлөт.
Жаңы кызмат мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн алкагында ишке киргизилди.



