Башкы беткеПрезидентПрезиденттин тапшырмасы менен үй-жайсыз калган үй-бүлө жаңы конушка ээ болду

Президенттин тапшырмасы менен үй-жайсыз калган үй-бүлө жаңы конушка ээ болду

Кыргыз-тажик чек арасын тактоодон кийин үй-жайсыз калган Лейлек районунун тургундарына жардам көрсөтүлүүдө. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ыхывал Абдувалиеванын үй-бүлөсүнө жаңы үйдүн ачкычы тапшырылды.

Маалыматка ылайык, чек ара такталгандан кийин үй-бүлө жашаган үй Кыргызстанга өткөн аймакта калган. Бирок алар Кыргызстандын жарандары болгондуктан компенсациялык турак жай ала алышкан эмес.

Үй-жайсыз калган үй-бүлө Бишкекте батир ижаралап жашап келген. Алардын кайрылуусунан кийин мамлекет жаңы үй менен камсыздады.

Баткен облусунда ушул сыяктуу жагдайга кабылган дагы сегиз үй-бүлө бар. Алар да этап-этабы менен турак жай менен камсыздалат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар