Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Реми Дюфло жана ЕБ делегациясынын кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер менен жолугушту.
Жолугушууда Европа Биримдигинин өкүлдөрү Кыргызстанды ЕБнин учуу коопсуздугунун “кара тизмесинен” чыгарылышы менен куттуктап, бул чечим эл аралык аба каттамдарын өнүктүрүүгө жана европалык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгилешти.
Тараптар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин өлкөлөрүнүн ортосунда түз аба каттамдарын калыбына келтирүү, авиациялык инфраструктураны өнүктүрүү жана адистердин квалификациясын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.
Данияр Бостонов учурда Германия жана Польша менен түз авиакаттамдарды ачуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди. Ошондой эле жолугушууда Asman Airlines авиакомпаниясын өнүктүрүү, жүк ташууларды кеңейтүү жана авиация тармагына эл аралык инвестицияларды тартуу маселелери каралды.
Жыйынтыгында тараптар жарандык авиация тармагындагы өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин билдиришти.



