Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга кол койду.
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 24-июнунда кабыл алынган. Анын негизги максаты – Эсептөө палатасынын ишин укуктук жактан өркүндөтүү жана мамлекеттик аудитти санариптик форматка өткөрүү.
Мыйзамга ылайык, Эсептөө палатасына тышкы мамлекеттик аудит жүргүзүү үчүн мамлекеттик санариптик маалыматтык системаларга жетүү укугу берилет. Мындан тышкары, тышкы мамлекеттик аудиттин эки жаңы формасы белгиленди:
санариптик аудит;
көчмө аудит.
Ошондой эле мыйзамда аудиттин жүрүшүндө жаралган талаштуу маселелер аудит боюнча отчетто көрсөтүлөрү такталган.
Мындан сырткары, аудит жүргүзүлгөн субъекттин каршы пикирлери каралган учурда Эсептөө палатасынын Кеңешинин жыйыны Президенттин Администрациясынан дайындалган үч өкүлдүн жана Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин эки депутатынын катышуусунда өткөрүлөт.
Жаңы өзгөртүүлөр мамлекеттик аудиттин ачык-айкындуулугун жогорулатууга, көзөмөл механизмдерин күчөтүүгө жана санариптик технологияларды кеңири колдонууга багытталган.



