Башкы беткеКоом3 миллионго жакын адам "Түндүк" аркылуу медициналык кызмат алууда

3 миллионго жакын адам “Түндүк” аркылуу медициналык кызмат алууда

Кыргызстанда дээрлик 3 миллион жаран “Түндүк” платформасы аркылуу санариптик медициналык кызматтарды пайдаланып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, учурда 2,94 миллион адам дарыгерге онлайн кезекке жазылып, лабораториялык анализдеринин жыйынтыгын электрондук форматта алуу мүмкүнчүлүгүн колдонууда.

Мындан тышкары, өлкөдө телемедицина кызматы да кеңири жайылууда. Ал алыскы аймактардагы бейтаптарга адистештирилген дарыгерлерден кеңеш алууга шарт түзүп, энелер менен балдардын саламаттыгын коргоо, эмдөө иштерин жүргүзүү жана майыптыгы бар адамдарга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга көмөк көрсөтүп келет.

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве санариптик технологиялар ар бир жаран жашаган жерине карабастан сапаттуу медициналык жардамга жетүүсүнө кызмат кылышы керектигин белгиледи.

Анын айтымында, саламаттык сактоо тармагын санариптештирүү медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтип, калкка көрсөтүлүүчү тейлөөнүн сапатын жогорулатууда маанилүү роль ойнойт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар