Башкы беткеКоом1-класска кабыл алуу: Кыргызстанда дагы 69 миң орун бош турат

1-класска кабыл алуу: Кыргызстанда дагы 69 миң орун бош турат

Кыргызстанда 2026–2027-окуу жылына карата биринчи класска кабыл алуу уланууда. Учурда өлкө боюнча 123 миң 700дөн ашык бала мектепке катталды. Бул маалымат 1mektep.edu.gov.kg электрондук платформасындагы ачык маалыматтарда көрсөтүлгөн.

Бишкек шаарында биринчи класска 23,8 миңден ашык окуучу кабыл алынган. Алардын ичинен 12,7 миңге жакыны кыргыз тилинде, ал эми 11,2 миңден ашууну орус тилинде билим берүүчү класстарга катталган. Борбор калаада учурда дагы 2,5 миң орун бош калууда.

Өлкө боюнча 2026–2027-окуу жылына биринчи класстар үчүн жалпы 193,3 миң орун бөлүнгөн. Анын ичинен азырынча 69,6 миң орун бош бойдон турат.

Электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Биринчи этапта балдар жашаган аймагына тиешелүү мектептерге кабыл алынса, учурда бош орун калган мектептерге катталууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Биринчи класска кабыл алуу август айына чейин уланат. Биринчи класска 2019 жана 2020-жылы төрөлгөн балдар кабыл алынат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар