Азербайжандын алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү таанышуу сапары менен Кыргызстанга келишти.
Сапар Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тарабынан уюштурулуп, эки өлкөнүн маалыматтык жана гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган.
Пресс-турдун жүрүшүндө азербайжандык журналисттер Кыргызстандын медиа тармагы, мамлекеттик маалымат саясатын жүргүзүүнүн заманбап ыкмалары менен таанышат. Ошондой эле өлкөнүн тарыхый жана туристтик жайларын камтыган маданий программага катышат.
Долбоордун негизги максаты — эки өлкөнүн журналисттеринин ортосундагы кесиптик байланыштарды бекемдөө, тажрыйба алмашууну кеңейтүү жана Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо.
Буга чейин мындай таанышуу сапарлары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын алдыңкы ЖМК өкүлдөрү үчүн да уюштурулган.
Мындай демилгелер өлкөлөр ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү арттырып, маалыматтык жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.



