Башкы беткеМинистрлер кабинетиБеларустун тышкы иштер министри Улуттук тарых музейине барды

Беларустун тышкы иштер министри Улуттук тарых музейине барды

Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков расмий сапарынын алкагында делегация мүчөлөрү менен бирге Улуттук тарых музейине барды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, конокторду музейдин директору Назгүл Өмүрзакова тосуп алып, кыргыз элинин тарыхын, бай маданий мурасын жана мамлекеттүүлүктүн калыптануу этаптарын чагылдырган экспозициялар менен тааныштырды.

Экскурсиянын жүрүшүндө Беларусь делегациясы археологиялык жана этнографиялык баалуу экспонаттарды, ошондой эле эгемендүү Кыргызстандын өнүгүү тарыхына арналган көргөзмөлөрдү көрүп чыкты.

Министрликтен белгилешкендей, музейге болгон сапар Беларустун тышкы иштер министринин расмий визитинин маданий программасынын алкагында уюштурулуп, эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгын чыңдоого багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар