Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында атмосфералык абаны коргоо боюнча рейд өткөрүп, 14 кеме текшерилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында экологиялык мыйзамдардын талаптарын бузган төрт жаран аныкталып, аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык административдик протоколдор түзүлдү.
Мыйзам бузууга жол берген ар бир жаранга 7 миң 500 сомдон айып пул салынып, жалпы айып пулдун көлөмү 30 миң сомду түздү.
Министрликтен билдиришкендей, айлана-чөйрөнү коргоо жана атмосфералык абанын тазалыгын камсыз кылуу боюнча рейддик иш-чаралар мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, экологиялык мыйзамдардын аткарылышы көзөмөлдөнөт.



