22-июль күнү кечинде Нарын облусунда жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, силкинүү саат 20:48де болгон.
Адистердин маалыматына караганда, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен. Очок Оттук айылынан 7 чакырым түндүктө, Жергетал айылынан 15 чакырым түндүк-чыгышта, Нарын шаарынан 35 чакырым түндүк-батышта жана Бөкөнбаев айылынан 110 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Жер титирөө Оттук айылында болжол менен 3 балл, ал эми Жергетал айылында 2 баллга чейин сезилген.
Учурда жер титирөөдөн жабыркагандар же турак жайларга жана инфраструктурага зыян келтирилгени тууралуу маалымат каттала элек.



