Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан күйүүчү майды төрт өлкө аркылуу камсыздоодо

Кыргызстан күйүүчү майды төрт өлкө аркылуу камсыздоодо

Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалдарды камсыздоо багытында Беларусь, Кытай, Өзбекстан жана Казакстан менен иш алып барып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев ММКларга берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Беларусь менен күйүүчү май жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн. Ошондой эле Орусия аркылуу транзит маселеси чечилип, Кытайдан күйүүчү майдын алгачкы партиясы өлкөгө жеткирилди.

“Бизде азыр Беларус менен келишим бар. Буга чейин Орусиядан транзит менен алып өтүү маселе болуп жатат дегенбиз. Адылбек Касымалиев Орусиянын премьер-министри менен сүйлөшүп, ал маселе чечилди. Мындан тышкары Кытайдан да ташып келүү болуп жатат. Келерки жылы көбүрөөк көлөм да Кытайдан келет. Мындан тышкары Өзбекстан менен кайра иштетүү боюнча сүйлөшүүлөрүбүз бар. Мисалы, Орусиядан же башка кайсы гана өлкөдөн болбосун, сырьёлорду алып келип, Өзбекстанда кайра иштетип алсак болот.

Казакстан менен мазут алуу боюнча сүйлөшүп, макулдугу алынган. Анткени күз-кышка даярдык үчүн бул маанилүү жана от казандар мазут менен иштей турганын билесиздер. Ушул сыяктуу орчундуу маселелер комплекстүү каралып жатат”, – деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Ошондой эле күйүүчү майды башка багыттардан ташып келүүгө байланыштуу мамлекеттик колдоо жыл аягына чейин уланаарын Амангелдиев кошумчалады. Анын айтымында, буга чейин дүйнөлүк рынокто баалардын кескин өсүшүнөн улам импорттоочулар жаңы келишимдерди түзүүдөн карманып, өлкөдөгү күйүүчү майдын запасы азайган. Учурда өкмөт кандай баада болбосун күйүүчү майды сатып алып, стратегиялык запасты толуктоонун үстүндө иштеп жатат. Максат – өлкөдө кеминде эки жарым айга жете турган күйүүчү май корун түзүү. Анткени кырдаал кандай болуп кетерин, дүйнөдөгү абал кандай болорун билбейбиз деди ал.

 

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар