Башкы беткеПрезидентКыргызстанда аялдар менен эркектердин тең укуктарын коргогон мыйзам күчөтүлдү

Кыргызстанда аялдар менен эркектердин тең укуктарын коргогон мыйзам күчөтүлдү

Кыргызстанда аялдар менен эркектердин бирдей укуктарын камсыздоого багытталган мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү документке президент Садыр Жапаров кол койду.

Жаңы өзгөртүүлөр гендердик теңчиликти бекемдөөгө, жумуш ордундагы коопсуздукту камсыздоого жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга багытталган.

Мыйзамда “гендердик зомбулук”, “сексуалдык асылуу”, “эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук” жана “үй-бүлөлүк милдеттери бар кызматкерлер” деген түшүнүктөр так аныкталды.

Эми сексуалдык асылуу катары жумуш ордунда гана эмес, иш сапарда, кызматтык иш-чараларда, ошондой эле мессенджерлер аркылуу жасалган адамдын кадыр-баркына шек келтирген сексуалдык мүнөздөгү аракеттер да каралат.

Ошондой эле иш берүүчүлөргө жумушка кабыл алууда жынысына карата негизсиз талаптарды коюуга тыюу салынат. Мисалы, бош орундарды жарыялоодо “эркектер гана” же “аялдар гана” деген чектөөлөрдү киргизүүгө болбойт.

Мындан тышкары, талапкерлерден алардын жеке жашоосу, үй-бүлөлүк абалы, балалуу болуу планы же үй-бүлө мүчөлөрүнө кам көрүү милдеттери тууралуу маалыматтарды талап кылууга жол берилбейт.

Мыйзам мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы гендердик тең салмактуулукту да карайт. Ага ылайык, бир жыныстагы кызматкерлердин үлүшү жалпы курамдын 70 пайызынан ашпоого тийиш.

Эгер сот гендердик басмырлоо фактысын аныктаса, иш берүүчү кызматкердин укугун калыбына келтирүүгө жана келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтурууга милдеттүү болот.

Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу багытында иштеген кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана мамлекеттик органдарда гендердик баалоо жүргүзүү каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар