Башкы беткеПрезидентЖумгалда ипотекалык турак жай куруу үчүн жер бөлүндү

Жумгалда ипотекалык турак жай куруу үчүн жер бөлүндү

Жумгал районунда ипотекалык турак жай куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор өлкө башчысы Садыр Жапаровдун Нарын облусуна болгон иш сапары учурунда берилген тапшырманын негизинде ишке ашырылууда.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Нурбек Сатаров Жумгал районуна барып, турак жай курула турган аймак менен таанышты.

Долбоордун алкагында Жумгал районунун борбору Чаек айылынан ипотекалык үйлөрдү куруу үчүн жалпы аянты 1 гектар 80 сотых жер тилкеси бөлүнгөн.

Белгиленгендей, бул иштер калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо боюнча облус аймагында жүргүзүлүп жаткан долбоорлордун алкагында аткарылууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар