Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жакынкы үч саатта жана кечинде борбор калаада жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жетиши күтүлүүдө.
ӨКМ жарандарды коопсуздук чараларын сактоого чакырып, катуу шамал учурунда бак-дарактардан, электр зымдарынан жана кооптуу курулуштардан алыс болууну эскертти.



