Башкы беткеМаданиятКыргызстан менен ТМУ маданий кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарат

Кыргызстан менен ТМУ маданий кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарат

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушуп, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн багыттары каралды.

Тараптар түрк элдеринин жалпы маданий жана тарыхый мурасын сактоо, жайылтуу жана дүйнөлүк деңгээлде таанытуу боюнча биргелешкен долбоорлорго өзгөчө көңүл бурушту.

Мындан тышкары, алдыдагы маданий форумдарды, фестивалдарды жана конгресстерди уюштуруу, тарыхый-маданий эстеликтерди санариптештирүү, бирдиктүү музей жана китепкана платформаларын түзүү, ошондой эле ТМУга мүчө өлкөлөрдүн илимий жана маданий мекемелеринин кызматташтыгын чыңдоо маселелери талкууланды.

Мирбек Мамбеталиев ТМУнун Катчылыгы түрк дүйнөсүндөгү бир туугандык байланышты бекемдөөдө жана жалпы маданий баалуулуктарды илгерилетүүдө маанилүү роль аткарып жатканын белгиледи.

Өз кезегинде ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандын уюмдун стратегиялык демилгелерин ишке ашырууга кошуп жаткан салымын жогору баалап, маданий кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү активдүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырастап, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча практикалык кадамдарды макулдашты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар