Акыркы мезгилде чет өлкөлүк жарандардын катышуусунда коомдук тартипти жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары катталып жатканын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн соттун чечими менен 450дөн ашык чет өлкөлүк жаран Кыргызстандан чыгарылган.
Ошондой эле 7 миң 900дөн ашык чет элдик административдик жоопкерчиликке тартылып, аларга жалпысынан 65 миллион сомдон ашык айып пул салынган. Мындан тышкары, 39 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Мыйзам талаптарын бузуу менен чет өлкөлүк жарандарды ишке тарткан бир катар уюмдарга карата да административдик чаралар көрүлүп, тиешелүү айып пулдар салынганы маалымдалды.
Бишкек ШИИББнин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келет.
Акыркы күндөрү эле мындай иш-чаралар 12 курулуш компаниясында өткөрүлүп, ага 1,5 миңден ашык чет өлкөлүк жаран катышкан. Алардын басымдуу бөлүгүн Кытайдын жарандары түзгөн.
Жолугушууларда чет өлкөлүктөргө Кыргызстандын мыйзамдарын сактоо, коомдук тартипти бузбоо, өлкөнүн салт-санаасын жана маданиятын урматтоо, ошондой эле мыйзам бузган учурда каралган жоопкерчилик тууралуу түшүндүрмөлөр берилген.
Мындан тышкары, борбор калаадагы көңүл ачуучу жайларда да күн сайын саат 21:00дөн 02:00гө чейин коомдук тартипти камсыздоо жана укук бузуулардын алдын алуу максатында рейддик-профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.



