VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган «Биримдик кербени» аттуу 40 күндүк улуттук жүрүш Баткен облусунан башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Долбоордун алкагында Лейлек районунун Төө жайлоосундагы касиеттүү Шооваз булагынан суу алуу аземи өткөрүлдү. Салттуу жөрөлгөдөн кийин булактын суусу Лейлектен тандалган 10 атчанга салтанаттуу түрдө тапшырылды.
25-июлда атчандар Раззаков шаарынан 40 күндүк улуттук жүрүштү баштап, өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып чыгышат. Жалпысынан долбоорго ар бир райондон 10дон атчан, жалпы 400 атчан катышат.
Долбоордун өзгөчөлүгү – өлкөнүн 40 районундагы касиеттүү булактардан алынган суулар өзүнчө көөкөрлөргө куюлуп, жүрүштүн соңунда Бишкекте бир идишке бириктирилет. Андан кийин ал VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жеткирилет.
Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов катышып, «Биримдик кербенинин» сапарына ак жол каалады.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, «Биримдик кербени» кыргыз элинин биримдигин чыңдоого, көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарын, улуттук каада-салтты жана маданий мурасты даңазалоого багытталган.
40 күнгө созула турган улуттук жүрүш 1-сентябрда жыйынтыкталып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи менен аяктайт.



