Башкы беткеМинистрлер кабинетиТаласта аскер кызматкерлерине жаңы батирлер берилди

Таласта аскер кызматкерлерине жаңы батирлер берилди

Талас шаарында “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания курган көп кабаттуу турак жайдан батирлер аскер кызматчыларына тапшырылды.

Батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Коргоо министринин биринчи орун басары, генерал-майор Талайбек Шаршеев, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү, аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү катышты.

Иш-чарада мамлекет тарабынан аскер кызматчыларын турак жай менен камсыздоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштер белгиленип, “Менин үйүм” программасынын алкагында мындай долбоорлор өлкөнүн башка аймактарында да ишке ашырылып жатканы айтылды.

Белгилей кетсек, буга чейин Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган турак жайлардан Каракол шаарында жана Кара-Суу районунда да аскер кызматчыларына батирлер берилген.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар