Президент Садыр Жапаров 25-июлда Балыкчы – Кочкор темир жолунун жана Кочкор станциясынын ачылыш аземинде Түндүк – Түштүк альтернативдүү жолунун курулушуна бөлүнгөн каражаттардын басымдуу бөлүгү уурдалганын билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, узундугу 433 чакырымды түзгөн Балыкчы – Жалал-Абад автожолунун долбоорунда бир чакырымдын курулуш баасы 2,5 миллион доллар деп эсептелген.
“Узундугу 433 чакырым болгон Балыкчы – Жалал-Абад жолунун долбоорунда бир чакырымдын баасы 2,5 миллион доллар деп көрсөтүлгөн. Бирок ошентсе да бул жол аягына чыкпай бүгүн да толук пайдаланууга берилбей турат. Албетте, бул сумманын жарымынан көбү уурдалып кеткен”, – деди Садыр Жапаров.
Президент ошондой эле Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушу кыйла үнөмдүү болгонун белгилеп, анын бир чакырымына 955 миң доллар сарпталганын айтты.
Белгилей кетсек, узундугу 63 чакырымды түзгөн Балыкчы – Кочкор тилкеси Балыкчы – Кара-Кече – Макмал темир жол долбоорунун биринчи этабы болуп саналат. Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун курулушу 2022-жылы башталган. Жакында эле Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушуна да старт берилген.
Эске салсак, Түндүк – Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу 2015-жылы башталган. Долбоорду ишке ашырууга 937 миллион доллар көлөмүндө насыя (анын ичинде 46 миллион доллары грант) тартылып, анын 560 миллион доллары өздөштүрүлгөн. Долбоордун негизги каржылоочулары Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү банкы болсо, курулуш иштерин Кытайдын China Road & Bridge Corporation компаниясы жүргүзгөн.



