Башкы беткеКоомЖОЖдорго кабыл алуунун үчүнчү туру башталды

ЖОЖдорго кабыл алуунун үчүнчү туру башталды

Жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун үчүнчү туру башталды. Билим берүү министрлигинин “Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматына ылайык, талапкерлерди каттоо 29-июль саат 14:00гө чейин уланат.

Алгачкы эки турдун жыйынтыгында абитуриенттерден 61 миңден ашык электрондук талон катталган. Анын ичинен 21,6 миңи бюджеттик орундарга, 39,5 миңи контракттык негизде тапшырган.

Жогорку окуу жайлары 41,6 миң абитуриентти окууга сунуштады. Алардын ичинен 30 миңден ашууну тандаган адистиги боюнча окууга макулдугун ырастаган. Анын ичинде 23,7 миңи контракттык, 6,4 миңи мамлекеттик гранттык негизде билим алат.

Эң көп тандалган багыттардын катарына педагогика жана гуманитардык адистиктер, экономика жана финансы, медицина, маалыматтык технологиялар жана юриспруденция кирди.

Быйылкы кабыл алуу өнөктүгү жалпысынан беш турда өтүп, өлкө боюнча 10 миңге жакын мамлекеттик гранттык орун каралган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар