Башкы беткеКоомКыргызстанда 1 миллиондон ашык адам гепатитке каршы эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда 1 миллиондон ашык адам гепатитке каршы эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда гепатиттин В түрүнө каршы эмдөөнүн үч дозасын алган жарандардын саны көбөйүүдө. Маалыматка ылайык, биринчи дозаны 446 миң 319 адам, экинчи дозаны 358 миң 159 адам, үчүнчү дозаны 250 миң 534 адам алган.

Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВди көзөмөлдөө борборунун маалыматына караганда, 2026-жылдын алты айында 235 миңден ашык адам В гепатитине, 234 миңден ашык адам С гепатитине, ал эми 20 миңден ашык адам D түрүнө текшерилген.

Учурда өлкөдө В вирустук гепатити боюнча 6229 бейтап, В жана D вирустарынын кош инфекциясы боюнча 3244 бейтап дарыланууда. С гепатити боюнча 7541 адам дарыланып, алардын 6573ү дарылоону ийгиликтүү аяктаган.

Адистер жарандарды гепатитке өз убагында текшерүүдөн өтүүгө жана эмдөө статусун тактоого чакырууда. Вирустук гепатиттин В түрүн алдын алуунун эң натыйжалуу жолу — эмдөө.

Белгилей кетсек, гепатитти алдын алуу жана дарылоого мамлекет 2026-жылы 492 млн 460 миң сом бөлгөн. Учурда Кыргызстанда гепатиттин оор түрлөрү боюнча каттоодо турган бейтаптардын саны 32 миңден ашат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар