Башкы беткеСаясатШКУ өлкөлөрүнүн ЖМКлары менен аналитикалык борборлорунун кызматташтыгы маанилүү — Орунбеков

ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМКлары менен аналитикалык борборлорунун кызматташтыгы маанилүү — Орунбеков

Маалыматтык технологиялар өнүгүп жаткан азыркы доордо Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттары жана аналитикалык борборлорунун ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү маанилүү. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, маалымат секунданын ичинде дүйнөнү кыдырып жаткан шартта ЖМКлардын жана эксперттик борборлордун жоопкерчилиги жогорулады.

«Мындай өз ара пайдалуу кызматташтык объективдүү маалыматтык мейкиндикти түзүүгө, ШКУ өлкөлөрүнүн элдери жана мамлекеттеринин ортосундагы ишенимди бекемдөөгө, ошондой эле уюмга кирген өлкөлөрдө болуп жаткан процесстер тууралуу так маалымат берүүгө шарт түзөт», — деди Орунбеков.

Ал ЖМКлар бүгүн маалымат таратуучу гана эмес, мамлекеттер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөчү маанилүү механизм экенин дагы белгиледи. Ошондой эле ШКУ өлкөлөрүнүн саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыгын биргелешип чагылдыруу диалогду өнүктүрүүгө жана коомчулуктун уюм тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн айтты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар