Президенттин Администрациясынын Маалымат саясаты кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ЖМК жана аналитикалык борборлорунун саммитинин ачылыш аземине катышты.
Ал иш-чаранын катышуучуларына кайрылып, маалыматтык жана интеллектуалдык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Орунбековдун айтымында, маалыматтык технологиялар тез өнүгүп жаткан учурда ЖМКлар менен аналитикалык борборлордун коомдук пикирди калыптандырууда, мамлекеттер ортосундагы ишенимди бекемдөөдө жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоодо ролу жогорулоодо.
Ошондой эле ал Кыргызстанда акыркы жылдары экономикалык өсүш, инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгилеп, өлкө ШКУ алкагында маалыматтык, маданий-гуманитардык жана экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Саммитке ШКУга мүчө мамлекеттерден жана башка өлкөлөрдөн 300гө жакын ЖМК өкүлдөрү, эксперттер жана аналитикалык борборлордун өкүлдөрү катышууда.



