Башкы беткеКоомКыргызстанда 40тан ашык соттун отурумдары онлайн көрсөтүлө баштады

Кыргызстанда 40тан ашык соттун отурумдары онлайн көрсөтүлө баштады

Кыргызстанда сот отурумдарын онлайн-трансляциялоо жана электрондук билдирүүлөр системасын ишке киргизүү уланууда. Бул тууралуу Жогорку соттун аппаратынын жетекчисинин орун басары Аман Жумалиев ММКларга билдирди.

Анын маалыматына караганда, сот отурумдарын онлайн көрсөтүү долбоору 2026-жылдын 9-мартында ишке киргизилген. Учурда система Бишкек шаарындагы жана аймактардагы 40тан ашык сотто иштеп жатат. Калган жергиликтүү соттор техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша этап-этабы менен туташтырылып жатат.

«Онлайн көрсөтүлгөн сот отурумдарынын саны ай сайын көбөйүүдө. Тактап айтканда, март айында 26, апрелде 28, майда 43, июнда 54 онлайн эфир өткөрүлгөн. Бул сот процесстеринин ачыктыгын жогорулатып, жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин бекемдөөгө жардам берет», — деди Жумалиев.

Мындан тышкары, мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин процесске катышуучулар сот отурумдарына видеоконференция аркылуу аралыктан катыша алышат. Март айынан май айына чейин мындай мүмкүнчүлүк жети сот процессинде колдонулган. Айрым катышуучулар АКШ, Россия жана Түркиядан онлайн кошулган.

Ошондой эле 2026-жылдын 1-мартынан 30-июнуна чейин «Сот 1.0» автоматташтырылган системасы аркылуу 39 миң 943 SMS билдирүү жөнөтүлүп, ага 57 миң 716 сом сарпталган.

Жумалиевдин айтымында, санариптик кызматтар сот процесстеринин ачыктыгын камсыздап, катышуучулардын чыгымдарын азайтып, иштерди кароону тездетүүгө багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар