Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, мурдагы Тышкы иштер министри, саясий илимдеринин доктору, Аликбек Жекшенкулов учурда коомчулукта кызуу сөз болуп жаткан маселелер боюнча «Кыргыз Туусунун” бир катар суроолоруна жооп берди.
– Ири инвесторлорду тартуу үчүн мамлекеттик жерди узак мөөнөткө ижарага (49–50 жылга чейин) берүү механизми эл аралык тажрыйбада канчалык кеңири колдонулат жана бул өлкөлөргө өз аймагындагы суверенитетти сактап калуу менен экономиканы өнүктүрүүгө кантип мүмкүнчүлүк берет?
– Эң оболу, эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, мамлекеттик жерди узак мөөнөткө ижарага берүү механизми көптөгөн өлкөлөрдө кеңири жайылган жана адаттан тыш же өзгөчө нерсе эмес экендигин белгилеп кетейин.
Сөзүм куру болбос үчүн мисал катары айтсам, бизде бардыгы Сингапур менен БАЭнин экономикалык саясатына суктанууну жакшы көрүшөт, көбү ушул өлкөлөрдөгүдөй гүлдөп өскөн экономиканы курууну кыялданышат. Ушундан улам бардык ормандарыбызга жана жер маселесине кайдыгер карабаган окурмандарга белгилеп кетким келет: Сингапурда жердин олуттуу бөлүгү инвесторлорго мамлекет тарабынан 99 жылга чейинки мөөнөткө ижарага берилет. Ал эми Бириккен Араб Эмираттарында да чет өлкөлүктөр үчүн көпчүлүк эмираттарда ижара колдонулуп, мөөнөттөрү 99 жылга чейин жетет.
Ал эми биздин эң жакын коңшуларыбызга токтолсок: Казакстан менен Өзбекстан да инвестиция тартуунун негизги куралдарынын бири катары мамлекеттик жерди узак мөөнөткө ижарага берүүнү эбактан бери колдонуп келишет.
Ошол эле учурда, бул өлкөлөрдүн бири да өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоодон баш тарткан эмес. Мамлекет жерге болгон менчик укугун өзүндө сактап калат, чет өлкөлүктөрдүн стратегияалык маанидеги жер категорияларына, эң оболу айыл чарба жерлерине жана башка өзгөчө кайтарылуучу аймактарга кирүүсүн чектейт. Ошондой эле, эгерде инвестор алган милдеттенмелерин аткарбаса, пайдалануу укугун токтотуу мүмкүнчүлүгүн караштырат.
Логика бардык жерде окшош: мамлекет менчик укугун (титулун) жана тиешелүүлүгүнө жараша аймакка болгон суверендүү контролду өзүндө сактап калат, бирок ошол эле учурда инвесторго капиталды көп талап кылган долбоорлорду (заводдорду, логистиканы, туристтик инфраструктураны) актап алуу үчүн жетиштүү мөөнөт (адатта 25тен 99 жылга чейин) берет. Юридикалык жактан алганда жер ажыратылып берилбейт, инвестор болгону шарттар менен (максаттуу багыты, курулуш боюнча милдеттенмелер, салыктык чегерүүлөр) чектелиши мүмкүн болгон убактылуу пайдалануу укугуна гана ээ болот.
-Жер кодексинин жаңы нормалары жер тилкелерин курулуш жүргүзбөстөн жылдап кармап турган ишенимсиз ижарачылардын көйгөйүн чечүүгө кантип жардам берет жана инвестициялык милдеттенмелер аткарылбаган учурда келишимдерди мөөнөтүнөн мурда токтотуу механизми кандай?
-КР бийлигинин билдирүүлөрүнө караганда, түзөтүүлөрдүн башкы максаттарынын бири — жер тилкесин ижарага алып, аны жылдап курулушсуз кармап, иш жүзүндө тоңдуруп койгон практикага каршы күрөшүү. Талкууланып жаткан нормаларга караганда:
– инвестициялык милдеттенмелерге кыйла так байланыш киргизилет (курулуштун башталуу жана аяктоо мөөнөттөрү, жумшалуучу каражаттын көлөмү);
– эгерде инвестор жер тилкесин өздөштүрүү графигин аткарбаса, келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотуу механизми каралууда;
– шарттардын аткарылышына мамлекеттик органдар (Жер ресурстары боюнча агенттик) тарабынан көзөмөл күчөтүлүүдө.
Бул жерде биздин чиновниктер «жоопкерчиликти күчөтүү» тууралуу жөн гана декларация жасап коюу — мыйзамдардын натыйжалуу иштешине кепилдик боло албастыгын түшүнүшү маанилүү. Бул ченемдер практикада канчалык катаал колдонулаары мыйзам алдындагы актылардан жана мамлекеттик органдардын чакан ижарачылар менен гана эмес, ири инвесторлор менен да келишимдерди бузууга болгон реалдуу даярдыгынан көз каранды.
-Колдонуудагы чектөөлөр айыл чарба багытындагы жерлерди жана чек ара аймактарындагы тилкелерди чет өлкөлүктөргө берүүнү жокко чыгаруу менен улуттук кызыкчылыктарды кантип коргойт?
– Президент Садыр Жапаров айыл чарба багытындагы жерлер жана чек ара чегиндеги тилкелер чет өлкөлүктөргө менчикке да, ижарага да берилбей турганын ачык айтты. Ошондой эле чет элдик инвестициялар анык өндүрүштүк долбоорлорго: заводдорго, логистикалык борборлорго, кайра иштетүүчү ишканаларга, энергетикага жана туризмге гана тартылаарын баса көрсөттү.
Бул азык-түлүк жана аймактык коопсуздукка болгон тобокелчиликтерди азайтуу үчүн чет өлкөлүктөрдүн катышуусуна жабык болгон жер категорияларына «кызыл сызыктарды» (айыл чарба жерлери, чек ара аймактары, коргонуу маанисиндеги жерлер) киргизген көптөгөн өлкөлөрдүн тажрыйбасына толук шайкеш келет
Ошол эле учурда Кыргызстандагы коомдук талкууларда кагаз бетиндеги чектөөлөрдүн өзүнө эмес, алардын сакталышын көзөмөлдөө механизмдерине көбүрөөк пикирлер айтылууда. Долбоордун максаттуу багытын иш жүзүндө ким текшерет?
– Узак мөөнөттүү ижара шартындагы масштабдуу инвестициялык долбоорлор жаңы жумуш орундарын түзүүдө, бюджетти толтурууда жана өлкөнүн региондорунун инфраструктурасын өнүктүрүүүдө кандай роль ойнойт?
-Эң оболу, масштабдуу инвестициялар күнүмдүк социалдык-экономикалык кырдаалга гана эмес, өлкөнүн келечегине да таасирин тийгизерин белгилеп кетким келет.
Инвестициялык долбоордун алкагында курулган капиталы бар имараттар, өндүрүштүк комплекстер, жолдор, электр чордондору, инженердик тармактар жана башка инфраструктуралык объекттер физикалык жактан Кыргыз Республикасынын аймагында калат жана анын экономикасы үчүн иштешин улантат. Аларды инвестор менен бирге өлкөдөн көчүрүп же «алып чыгып кетүү» мүмкүн эмес. Ошол эле учурда жер тилкеси ажыратылып берилбейт, ал мамлекеттик же муниципалдык менчикте сакталып калат, ал эми инвесторго мөөнөтү чектелген пайдалануу укугу гана берилет.
Жалпысынан алганда, узак мөөнөттүү ижара шартындагы ири долбоорлор чындыгында төмөнкүлөргө жөндөмдүү:
– жумуш орундарын түзүүгө (өзгөчө курулуш учурунда жана объекттерди кийинки эксплуатациялоодо);
– ижаралык төлөмдөр жана салыктар аркылуу бюджетти толтурууга;
– инфраструктураны модернизациялоого (объекттин айланасындагы жолдор, коммуникациялар, электр менен камсыздоо).
Менин көз карашымда, натыйжалуулук конкреттүү келишимдердин шарттарынан абдан көз каранды: эгерде ижаралык төлөм төмөндөтүлүп, салыктык жеңилдиктер өтө чоң болсо, бюджет үчүн пайда анчалык деле жогору болбой калышы мүмкүн. Ошондуктан көптөгөн өлкөлөрдө (жана Кыргыз Республикасындагы түзөтүүлөрдүн тегерегиндеги талкууларда) жөн гана инвестиция тартуу фактысы эмес, аренда шарттарынын ачыктыгы жана конкурстук процедуралардын айкындуулугу маселеси өзүнчө көтөрүлүүдө.
Маектешкен Сыргак Эсенбек



