Башкы беткеКоомГепатит В: Кыргызстанда көчмө эмдөө башталды

Гепатит В: Кыргызстанда көчмө эмдөө башталды

Кыргызстанда эмгек жамааттарында гепатит Вга каршы көчмө эмдөө жүргүзүлө баштады. Бул тууралуу Республикалык гемоконтакттык вирустук гепатиттерди жана ВИЧти көзөмөлдөө борборунун директору Умуткан Чокморова билдирди.

Анын айтымында, көчмө эмдөө жакшы жыйынтык берип, май-июнь айларында былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 32 миң адамга көбүрөөк вакцина сайылды.

23 жаштан жогорку жарандар гепатит Вга каршы эмдөөнү тесттин жыйынтыгы терс чыккан учурда акысыз ала алышат.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бекер эмдөө башталгандан бери вакцинанын биринчи дозасын 446,3 миң, экинчи дозасын 358,2 миң, үчүнчү дозасын 250,5 миң адам алган.

Министрдин орун басары Гүлбара Ишенапысова ата-энелерди балдарды улуттук эмдөө календарына ылайык өз убагында эмдетүүгө чакырып, эмдөөдөн баш тартуу жугуштуу оорулардын жайылышына алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар