Башкы беткеМинистрлер кабинетиЧолпон-Атада Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү жыйынтыкталды

Чолпон-Атада Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү жыйынтыкталды

Чолпон-Ата шаарындагы “Дордой Номад” этнокомплексинде Кыргызстандагы Өзбекстандын маданият күндөрүнүн жабылыш аземи өтүп, гала-концерт менен жыйынтыкталды.

Иш-чарага Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков, эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү, маданият ишмерлери, жергиликтүү тургундар жана эс алуучулар катышты.

Гала-концертте Өзбекстандын мамлекеттик симфониялык оркестри, “Навбаҳор” жана “Үмүт” бий ансамблдери, ошондой эле өзбек эстрадасынын белгилүү ырчылары өнөр көрсөтүштү.

Кеченин өзгөчө көз ирмемдеринин бири Өзбекстандын маданият министри, Кыргызстандын жана Өзбекстандын эл артисти Озодбек Назарбековдун сахнага чыгышы болду. Ал белгилүү чыгармаларын аткаруу менен катар кыргыз тилиндеги ырын да ырдап, көрүүчүлөрдүн кызуу кол чабуусуна ээ болду.

Концерттик программа кыргыз жана өзбек элдеринин кылымдарды карыткан достугун, маданий жакындыгын жана боордоштук байланышын даңазалап, элдик жана заманбап чыгармаларды айкалыштырды.

Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү эки өлкөнүн чыгармачыл кызматташтыгын бекемдеп, маданий алакаларды кеңейтүүгө жана боордош элдердин достугун мындан ары да чыңдоого өбөлгө түзгөн маанилүү маданий иш-чаралардын бири катары жыйынтыкталды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар