Башкы беткеКоомКыргызстан улуттук электр тармагы атайын техникалар менен камсыздалды

Кыргызстан улуттук электр тармагы атайын техникалар менен камсыздалды

Энергетика министрлиги «Кыргызстан улуттук электр тармагы» тармактар аралык ААКсынын (НЭСК) филиалдарына жалпы баасы 50,8 миллион сомду түзгөн жаңы атайын техникаларды өткөрүп берди. Энергетиктерге сегиз кран-манипулятор жана төрт JAC T-8 бригадалык автоунаасынын ачкычтарын энергетика министри Алтынбек Рысбеков салтанаттуу түрдө тапшырды.

Энергетика ведомствосунун башчысы белгилегендей, жаңы техникалар оңдоо иштерин кыйла ылдамдатып, жетүүгө кыйын болгон аймактардагы электр өткөргүч линияларын тейлөөнү жеңилдетет. Ошондой эле авариялык өчүрүүлөр учурунда электр энергиясын кайра калыбына келтирүү убактысын кыскартат.

Сегиз манипулятордун тапшырылышы менен министрликтин 2026-жылга карата ушул категориядагы техникаларды сатып алуу боюнча мурда белгиленген планы толугу менен жыйынтыкталды.

Эскерте кетсек, буга чейин Энергетика министрлиги электр тармактары ишканаларына 181,6 миллион сомдук 41 бирдик атайын техниканы өткөрүп берип, 2026-жылдын аягына чейин кошумча сегиз кран-манипулятор сатып алууну пландап жатканын кабарлаган болчу.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар