Башкы беткеКоомБелгисиз адамдар Бишкек–Балыкчы поездин таш бараңга алышты

Белгисиз адамдар Бишкек–Балыкчы поездин таш бараңга алышты

Белгисиз адамдар Бишкек–Балыкчы багытында каттаган жүргүнчү поездди таш бараңга алып, жүргүнчүлөрдүн жана поезд кызматкерлеринин коопсуздугуна коркунуч жаратты. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 2026-жылдын 27-июлунда саат 22:54 чамасында Балыкчы–Бишкек-2 багыты боюнча каттаган №609 шаар четиндеги жүргүнчү поезд Новопокровка айылынан чыгып бара жаткан учурда болгон. Белгисиз адамдар жүрүп бараткан поездди эки тарабынан атайылап таш менен ургулашкан.

Натыйжада таштардын бири вагондун терезесинин айнегин талкалап, ичине кирип кеткен. Окуядан бир нече вагондун терезелери жабыркап, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасына материалдык зыян келтирилген.

Компаниянын маалыматына караганда, темир жол кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин аркасында сынган терезелер кыска убакыттын ичинде алмаштырылган.

Аталган факт боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, учурда күнөөлүүлөрдү аныктоо иштери жүрүүдө.

“Кыргыз темир жолу” мындай аракеттерди кескин айыптап, жүрүп бараткан поездге таш ыргытуу адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратарын белгиледи. Ишкана жарандарды темир жол инфраструктурасына аяр мамиле кылууга жана мыйзамсыз аракеттерге күбө болгон учурда укук коргоо органдарына маалымдоого чакырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар