Башкы беткеПрезидентЖергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү мыйзам 2026-жылдын 24-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Документ жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү укуктук жөнгө салууну жакшыртуу, мыйзамдардагы айрым нормаларды тактоо жана жергиликтүү башкаруу органдарынын ишин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

Өзгөртүүлөргө ылайык, аталган мыйзамдан жергиликтүү курултайларга байланыштуу жоболор алынып салынат. Ошондой эле жергиликтүү курултайлардын ишин жөнгө салган 62-берене күчүн жоготту деп таанылат.

Мындай өзгөртүүлөр мыйзамдардагы кайталанган нормаларды жоюуга, укуктук карама-каршылыктарды четтетүүгө жана курултай институтун бирдиктүү тартипте жөнгө салууга багытталган.

Мындан тышкары, мыйзам менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын үй-бүлөлүк жана маркумдарды эскерүү иш-чараларын тартипке келтирүүгө көмөктөшүү боюнча ыйгарым укуктары такталат.

Ошондой эле өзүнчө жайгашкан айыл аймактарындагы айыл башчысынын кызмат ордун киргизүү тартиби такталып, тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар